Кыргызстандан барган куткаруучулар 1 жума уранды алдында жаткан кишини куткарды

Кыргызстандан барган куткаруучулар 1 жума уранды алдында жаткан кишини куткарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ал кыйрап калган 12 кабаттуу үйдүн эң астыңкы кабатынан табылган.

 

Куткаруу иштери алты саатка созулуп, Россия жана Беларустан барган адистер менен биргеликте жүргүзүлгөн.

 

Жабыркаган эркек киши жер титирөөдөн кийин дээрлик бир жума же 160 саат уранды алдында жатканы белгиленди. Эске салсак, министрлик тарабынан кечээ Түркияга экинчи этап менен 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 75 боз үй жөнөтүлдү.