Кыргызстандык окуучу Кытайда өткөн информатика боюнча олимпиадада күмүш утту

Кыргызстандык окуучу Ян Бобрус информатика боюнча XVIII Азия-Тынч океан олимпиадасынан күмүш байге жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ян Бобрус «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу, аны мугалими Медербек Осмонов даярдап барган.

 

2024-жылдын 18-20-майында Кытайда өткөрүлгөн бул олимпиадага Азия-Тынч океан аймагындагы 35 өлкөдөн 286 окуучу катышкан. Кыргызстандын 7 окуучудан турган командасы олимпиадага онлайн видео көзөмөл форматында катышты.