Кыргызстанда 60 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Кыргызстанда 60 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул үчүн тиешелүү имараттар тандалып алынды. Жакынкы арада курулуш жана оңдоо иштерине тендер жарыяланат.

 

Ар бир объектке эмерек, материалдык-техникалык база жана окууга керектүү буюмдар тапшырылат. Кошумчалап кетсек, борборлор 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды кабыл алат.

 

Аларда бөбөктөр күнүнө 3 саатка гана кабыл алынганы менен, мындай бакчалар өлкө боюнча 3 миңден ашык наристени камтыйт деп пландалууда.