Кыргызстандыктар 23-февралда эс алышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 22-февралдагы иш күнү кыскартылат.
Ошондой эле жумасына беш күн иштегендер 25-февралда 4-январдагы эс алуунун эсебинен иштешет.
Эске салсак, 2003-жылдан бери Кыргызстанда 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип, расмий дем алыш деп жарыяланган.