Кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга көп чыга башташты

Кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга көп чыга башташты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

 

Ушул жылдын үч айында республиканын 3 миң 808 жараны туристтик фирмалар аркылуу башка өлкөлөргө барган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде туристтик фирмалар Кыргызстандан 1 миң 691 жергиликтүүнү чет мамлекетке жөнөткөн. Башкача айтканда, быйыл 2,3 эсеге көп кыргызстандык башка өлкөгө эс алууга жөнөтүлгөн.

 

Алардын эс алууга кеткен чыгымы дээрлик 150 миллион долларды түзгөн.