Баткенде «Өрүк гүлү» фестивалы өттү. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Иш-чарада кол өнөрчүлүк, каада-салттар, улуттук тамак-аштар жана өрүктөн жасалган азыктардын түрлөрү, жыгачтан жасалган буюмдар көрсөтүлдү.
Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы өрүк бактардын жалпы аянты 10 миң гектардан ашат.