Кыргызстандыктар эски унааларын электромобилдерге алмаштыра алат

Кыргызстандыктар эски унааларын электромобилдерге алмаштыра алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады, — деп билдирет “Вечерний Бишкек” басылмасы.

 

Жапаров эске салгандай, Сокулук районунда кытайлык компания менен биргеликте завод курулуп жатат, анда жылына 80 миңге чейин электр унаа чыгарылат.

 

Завод ишке киргенден кийин бийликтин планы боюнча, абаны булгап жаткан эски унаалардын ээлерине лизинг шарты менен 10-15 жылга электромобилдер берилет. Долбоор кийинки жылдын башында ишке ашат деп күтүлүүдө.