Жалал-Абаддагы Токтогул паркын оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат

Жалал-Абаддагы Токтогул паркын оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, ушул тапта тротуарларга таман таш төшөлүп, фонтан жаңыланууда.

 

Алдыда отургучтар орнотулуп, көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Курулуш облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

 

Белгилеп кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери толук реконструкцияланган эмес.