Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат

Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Мекемеден белгилешкендей, мунун себеби израил-ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу.

 

Ошондой эле ведомство Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн белгилейт.