Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат

Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат. Тышкы иштер министрлиги мунун себебин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу менен түшүндүрдү.

 

Ошондой эле министрлик Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.