Сейсмикалык активдүүлүк Түркиядагы жер титирөөлөргө байланыштуу эмес

Кыргызстанда соңку күндөрү байкалган сейсмикалык активдүүлүк Түркиядагы жер титирөөлөргө байланыштуу эмес.

Бул кадимки сейсмикалык аба ырайы, деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун мурдагы директору Канатбек Абдырахматов.

Анын айтымында, өлкөдө жер титирөөлөр күн сайын болуп турат.

Сейсмологдор жылына Кыргызстанда 13 миңге жакын сейсмикалык окуяларды катташат.

Бирок алардын көбү, болжол менен 95 пайызы приборлор менен гана белгиленет.

Алардын айрымдары гана сезилерлик болот, деп белгиледи Абдрахматов.