Кыргызстандыктарга Россиянын үч облусуна барбай туруу сунушталат

Кыргызстандыктарга Россиянын Курск, Брянск жана Белгород облустарына барбай туруу сунушталат.

 

Тышкы иштер министрлиги мунун себебин бул аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилгени менен түшүндүрдү. Мындан улам, абал турукташканга чейин аталган облустарга баруудан убактылуу карманып турууга чакырды.

 

Зарыл учурда тиешелүү жардам же консультация алуу үчүн Кыргызстандын жарандары Россиядагы элчиликке кайрылса болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.