Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар күрткүсү жана муз тоңушу мүмкүн.
Мындай кырдаал кеминде 14-январга чейин сакталат.
Айдоочулар бул тилкелерден өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.