Кыргызстандын 70 студенти Россиянын медициналык жогорку окуу жайларына акысыз окууга кабыл алынат

Кыргызстандын 70 студенти Россиянын медициналык жогорку окуу жайларына акысыз окууга кабыл алынат. Бул тууралуу биздин өлкөдөгү Россотрудничество өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Квоталар акысыз билим берүү, турак-жай жана стипендия берет. Документтерди кабыл алуу 20-февралга чейин жүргүзүлөт.