Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 101-орунда турат

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 101-орунда турат. Жаңыланган рейтинг кечээ жарыяланды. Отчеттук мезгилде биздин команда 2 беттеш өткөрүп, теңме-тең чыккан.

 

6-июнда Бишкекте Малайзия курамасы менен жолугушуу 1:1 эсебинде аяктаса, Оман менен дагы оюнда тең чыгуу катталды. Ал эми Азиялык футбол конфедерациясында курама 17-позициясын сактап калды.