Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды 1:0 эсебинде жеңди. Оюн кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

 

Голду беттештин экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш.

 

Эми жаштар курама командасы эртең Япониянын спортчулары менен беттешет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.