Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Андан такташкандай, төлөм системалар штаттык режимде иштеп жатат.

 

Чет элдик валютанын куну ага болгон суроо-талапка жараша калыптанат. Кайсы бир валютанын курсу серпилип баштаса, Улуттук банк эл аралык рынокко интервенция менен чыгып, тиешелүү чараларды көрөт.

 

Эске салсак, Россиядагы акыркы окуяларга байланыштуу, 23-24-июнда рубль кескин арзандап кеткен.