Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 2026-жылы профицитке чыгат

2024-2025-жылдары Кыргызстандын мамлекеттик бюджети дефицит, ал эми 2026-жылы профицит менен чыгат. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аймактык баяндамасында айтылат.
Эске салсак, мамлекеттик бюджет республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бюджет көп жылдар бою дефицитте болсо, былтыр жана 2024-жылдын соңку айларында (январь-апрель) профицитке чыккан.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аналитиктери бюджеттин кирешесинин деңгээли былтыркы жылдын ИДПсынын 31,9 пайызынан 24,8 пайызга чейин төмөндөйт (2026-жылы) деп болжолдошууда. Себеби акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн салыктык эмес кирешелердин кыскарышы, салыктан түшкөн акчанын көбөйүшү менен компенсацияланбайт. Фискалдык жол-жоболорду автоматташтыруу боюнча чараларды киргизүү жана импорттун жогорку көлөмү салыктарды чогултуу деңгээлин сактоого жардам берет. Бирок өткөн жылдардагы базанын жогору болушу алардын өсүү темптерин мындан ары да жогорулатууга мүмкүндүк бербейт.
Бийлик бюджеттик чыгашаларды оптималдаштырып жатканына байланыштуу капиталдык чыгашалардын азайышынан улам, ошондой эле бюджеттик чыгашалардын 2024-жылдагы ИДПга карата 27,9 пайыздан 2026-жылы ИДПга карата 24,5 пайызга чейин кыскарышы күтүлүүдө.
«Бул 2024-2025-жылдары мамлекеттик бюджеттин ИДПга карата 0,3 пайыз дефицитине алып келет, ал эми 2026-жылы ИДПга карата 0,3 пайыз профицит болжолдонууда», — деп белгиленет серепте.