Кыргызстан экономикасы ушул жылы 7 пайызга өсүшү күтүлөт

Кыргызстан экономикасы ушул жылы 7 пайызга өсүшү күтүлөт. Мындай божомолду Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы жасады.

 

Жакшы жыйынтыктын негизги факторлору катары Россиядагы мигранттарга болгон суроо-талап, россиялык капиталдын Кыргызстанга келиши, ортомчулук сооданын өнүгүшү жана салык администрациясынын жакшырышы аталат.

 

Ошондой эле европалык банктан белгилешкендей, ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго салынган инвестициялар ички дүң өндүрүмдү өнүктүрөт.