Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө түндө саат 02:53тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында Байбиче айылынан 15 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 120 чакырым түндүктө болгон.

 

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жакын сезилген. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркгаанар жок.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.