Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт, ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Кооптуу тилкерлердин тизмесине Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусу кирет. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.