Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 13-июлдан 17-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

 

Мекеме селдин алдын алуу үчүн арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөгө жана таштанды таштабоого чакырат. Мындан тышкары сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүү керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.