Кыргызстанга АКШдан акча которуу көрсөткүчү көбөйүүдө

Кыргызстанга АКШдан акча которуу көрсөткүчү көбөйүүдө. Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү. Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь – май айларында АКШдан 27 миллион доллар которулган.

 

Бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 8 миллионго көп. Белгилеп кесек, жыл башынан бери Кыргызстанга жалпысынан 253,3 миллион доллар жөнөтүлгөн. Сумманын басымдуусу Россиядан келген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.