Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга тыюу салынды

Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды.

Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Аталган чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине ылайык кабыл алынган.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу чечими кабыл алынды.