Кыргызстанга быйыл 10,5 миллион турист келет деп күтүлүүдө

Кыргызстанга быйыл 10,5 миллион турист келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу  24 агенттигине туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Белгилеп кетсек, биздин өлкөгө эс алуучулардын көбү Өзбекстан, Россия жана Казакстандан келет.

 

Андан тышкары, КМШ, Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана араб өлкөлөрүнөн келген туристтер дагы бар.

 

Эске салсак, 2023-жылы Кыргызстанга 8,5 миллион чет элдик турист келген.