Кыргызстанга Россиядан 200 ыктыярчы мугалим келет

Быйыл Кыргызстанга Россиядан 200 ыктыярчы мугалим келип, Бишкектеги мугалим жетишпеген мектептерде иштейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев «Азаттыкка» билдирди.

 

Анын айтымында, орус тилдүү мектептердеги мугалим жетишсиздигин ушундай жол менен чечүү көздөлүп жатат. Касымалиев Россиядан келген ыктыярчы мугалимдер качан жана канча убакытка келерин, аларды ким каржылай турганын жана кайсы адистикке ээ экенин тактаган жок.

Мындан тышкары орус тилдүү окутуучуларды даярдоо боюнча Башкырстандын Улуттук педагогикалык университети менен келишим түзүлгөнүн, ага ылайык Кыргызстандан барган 300 адис эки жылдык кайра даярдоо курсун окуп, диплом аларын кошумчалады.

2023-жылы Россиянын Агартуу министрлиги Кыргызстандагы мектептерге 150 мугалим жөнөткөн.

2022-жылы сентябрда 17 мугалим «Россиялык мугалимдер чет өлкөлөрдө» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы мектептерде иштеген.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт. 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. 2023-жылы октябрда Кыргызстандын мектептеринде 800дөн ашык педагогдун орду бош турганы айтылган. Быйыл бул көрсөткүч 1300дөн ашты.

Билим берүү министрлиги мугалимдердин жетишсиздиги Бишкек жана Ош шаарында курч экенин белгилеп жатат. Орус тилдүү мектептерде, өзгөчө так илимдер боюнча, физика, математика, биология предметтеринен адистер жетишсиз.