Бишкек – Жалал-Абад багыты боюнча авиакаттам «Ош» аэропортуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Ошондой эле Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча авиакаттам «Ош» аба майданынан аткарылат.
Учурда Жалал-Абад аэропортунун аймагында көрүү узактыгы 2 миң метрди түзүүдө, норма боюнча 5миң метр болушу зарыл.