Кыргызстанга жыл башынан бери дээрлик 1 миллиард долларга унаа ташылды

Кыргызстанга жыл башынан бери дээрлик 1 миллиард долларга унаа ташылды.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Январь-апрель айларында өлкөгө жалпысынан 57 миң 300 машина импорттолду.

 

Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 27 миң 400 унаага көп. Транспорттун басымдуу бөлүгү Кытайдан, Түштүк Кореядан, АКШдан, Япониядан жана Германиядан ташылган.