21-июндан 23-июнга чейин милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

21-июндан 23-июнга чейин милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чара Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайердин расмий сапарына байланыштуу киргизилет.

 

Коомдук тартипти сактоого 2 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Расмий иш-чаралар өткөн аймактар өзгөчө көзөмөлгө алынат.

 

Андан тышкары, айрым көчөлөр унаа кыймылына чектелет. Жарандарга убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алуу сунушталат.