Кытайдын элчиси кыргызстандык 1,4 миң айдоочуга виза берилгенин айтты

Жыл башынан бери кыргызстандык 1,4 миң айдоочуга Кытайдын визасы берилди. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь 23-марттагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кытай чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына виза берүүдөгү чектөөлөрдү алды. Мындан улам виза алуу үчүн суроо-талап жогорулады.

«Биз толугу менен иштей баштадык. Бир жумада беш күн арыздарды кабыл ала баштадык. Беш күн бою кабыл алган элчиликтин тарыхында болгон эмес. Албетте, дипломаттар, тийиштүү кызматкерлер жетишпей жатат. Биздин статистика боюнча жыл башынан бери 1,4 миң айдоочуга виза берилди. 2019-жылы бир жылда 2,5 миң берилген. Эгер ушундай иштесек, жылдын аягына чейин 5 миң виза берүүгө моралдык жана психологиялык жактан даярбыз деп ойлойм», — деди элчи.

Кытай 2020-жылы COVID-19га байланыштуу визага чектөө киргизген. Вируска кабылган биринчи бейтап 2019-жылдын аягында Ухань шаарында аныкталган. Пандемия башталганда Кытай тышкы дүйнөдөн обочолонуп, вирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаал чектөөлөрдү жарыялаган. Дүйнөдө бул илдет менен 700 миллион киши катталды, алардын 7 миллиону каза болду.

Расмий маалыматка караганда, пандемиянын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга импорт эки эседен ашуун өлчөмдө азайган. Чек арадан өткөн жүк машинелердин саны 10 эсе кыскарган.