Өлкөдө 3 миң 800 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет

Өлкөдө 3 миң 800 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, учурга карата 2 миң 495 үй-бүлө мамлекет тарабынан каржылык колдоо жана жер тилкесин алган, бирок кооптуу аймактарда жашоосун улантып келет.

 

Алардын басымдуусу Ош жана Жалал-Абад облустарында жашайт.

 

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери эле өлкө аймагында 310дон ашык сел катталды. Жүздөгөн үйлөр, унаалар жана социалдык объектилер жабыркап, каза тапкандар дагы бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.