Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 22-апрелден 26-апрелге чейин эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин уланат. Бул учурда жол жарым-жартылай жабылып турат. Мындан улам, айдоочулар сапарга чыгарда маршрутту алдын ала пландап алышы керек.