Өлкөдө бул ишемби, 11-март иш күнү болот.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Кыргызстанда жаңы жылдык майрамдар узакка созулуп, жумушка чыга турган күндөр жылдырылган.
Тагыраагы, жарандар 5-январдагы эс алуу үчүн бул ишембиде ишке чыгат.
Мындан тышкары, мартта кыргызстандыктарда кайрадан узакка созулган дем алыш — 18-марттан 21-мартка чейин болот. 20-марттагы иш күнү 29-апрелдеги дем алышка которулат.