Өлкөдө эми ипотеканы келечектеги пенсиянын эсебинен жапса болот

Өлкөдө эми ипотеканы келечектеги пенсиянын эсебинен жапса болот.

 

Бул үчүн министрлер кабинети бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Документке ылайык, мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан турак-жайды алууга ипотека алган жарандарга пенсиянын топтомо бөлүгү чегерилип, төлөнөт.

 

Минималык сумма 50 миң сом болсо, максималдык чеги ипотекалык насыянын калган бөлүгүнөн ашпашы керек. Токтом расмий жарыялангандан тарта 15 күндөн кийин күчүнө кирет.