Нью-Йоркто Манхэттендеги популярдуу асман тиреген имараттын үстүндө жабык муз тебүүчү аянтча ачылды.
Аренанын аянты 95 чарчы метр, ал имараттын 100-кабатында жайгашкан.
Бул жерге келгендер коньки гана теппестен, шаардын панорамасына суктанышат.
Чатырдан Гудзон, Борбордук парк жана Таймс-сквер аянтын көрүүгө болот.
Коньки тебүүчү аянт температуранын өзгөрүүсүн тоготпогон синтетикалык муз материалынан жасалган.