Өлкөдө унаа үчүн мамлекеттик номерлердин баасы 40 пайызга төмөндөтүлдү.
Бул тууралуу Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-июлдан тарта мамлекеттик номер белгилеринин топтомунун баасы 1 миң 16 сомду түзөт.
Ал эми буга чейин анын наркы 1 миң 720 сомго барабар болчу. Арзандатуу номерлерди даярдоо жана берүү процессин оптималдаштыруу менен мүмкүн болду, — дешти ведомстводон.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.