Бишкекте аба-ырайынын катаал шарттарынан улам электр тармактарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бишкекте аба-ырайынын катаал шарттарынан улам электр тармактарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, райондордо 40 ыкчам бригадалар иштеп, атайын техника даярдалды.

 

Ошондой эле адистердин нөөмөтү уюштурулду. Электр энергиясын берүүдө маселелер жаралса жарандар 1209 кыска номерине байланышса болот.

 

Авариялык өчүрүүлөр болбошу үчүн бир учурда бир нече тиричилик жабдууларын жана жылыткычтарды иштетпеш керек, — дешет энергетиктер.