Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 30-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

 

Андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуп, каналдарды жана арыктарды таштандыдан тазалоо сунушталат.