Мадриддик “Реал” франциялык чабуулчу Килиан Мбаппени өзүнүн оюнчусу катары расмий тартуулады. Форвард клуб менен 5 жылдык макулдашууга кол койду. Футболчу “Сантьяго Бернабеу” стадионуна мадриддик форма менен чыкты.
Аны тосуп алууга трибуналарга 80 миң адам чогулган. Эске салсак, 10-майда Мбаппе ПСЖдагы келишими аяктагандан кийин “Реалга” өтө турганын жар салган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.