Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” клубунун оюнчусу катары расмий тартууланды

Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” клубунун оюнчусу катары расмий тартууланды. Клубдун стадионунда тааныштыруу боюнча салтанаттуу азем кечээ өттү.

 

Жылдыздуу оюнчуну тосуп алууга 62 миңден ашык футбол күйөрманы келди. Бензема бул клубда ойногону үчүн жылына 200 миллион евродон алат, келишим  2026-жылга чейин эсептелген. Эске салсак, Карим Бензема “Алтын топтун” учурдагы ээси. Саламдашуу учурунда ал башкы трофейди стадиондогу элге көрсөттү.