Мадриддик “Реал” Килиан Мбаппенин трансфери тууралуу расмий жар салды

Мадриддик “Реал” Килиан Мбаппенин трансфери тууралуу расмий жар салды. Le Parisien басылмасынын маалыматына ылайык, чабуулчу 9 номери алдында ойнойт. 2025-жылдын жайында Лука Модрич командадан кеткенден кийин, Мбаппе анын онунчу номерин алат.

 

Эске салсак, Килиан Мбаппе ПСЖнын жылдызы болчу, ушул сезондо анын клуб менен келишими аяктап, футболчу Испания лигасына өтүү каалоосун билдирген.