Мамлекеттик ипотекалык компания эки кабат үйдү сатыкка койду.
Компаниянын маалыматына ылайык, үй Аламүдүн районундагы Сары-Өзөн шаарчасындагы 3-линия көчөсүндө жайгашкан.
Аукцион бүгүн, 7-мартта саат 15:00дө Бишкектин Токтогул көчөсү, 228 дарегинде өтөт.
Үйдүн жалпы аянты 364,55 чарчы метрди түзөт.
Алгачкы баа 68 млн 755 миң сом.