Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдөн  1 миңдей батир ушул күздө даяр болот

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдөн  1 миңдей батир ушул күздө даяр болот.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине уюмдун басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Компаниядан белгилешкендей, бардыгы курулуш жана ремонттук иштердин аяктоо мөөнөтүнө жараша болот. Колдонууга бериле турган батирлердин так саны дагы азырынча такталбайт. Белгилеп кетсек, мамлекеттик ипотека жылдык 4-8 пайыз менен 25 жылга чейин берилет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.