Мамлекеттик ишканалардын кирешеси толугу менен материалдык-техникалык базаны жаңыртууга жумшалат. Тиешелүү чечимди министрлер кабинтети кабыл алганын Экономика министрлигинен билдиришти.
Кеп 2022-жылдан 2025-жылга чейинки мөөнөт тууралуу болуп жатат. Түшкөн каражатка ишканалар керектүү жабдууларды жана техниканы сатып алса болот.
Анын ортосунда, жетекчилер акчанын сарпталышы боюнча отчет берип, жоопкерчиликти өзүнө алышат.