Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай абал 9-мартка чейин сакталат. Алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.