Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутаты Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылды. Чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында кабыл алган.
Абдалиев депутаттыктан өз ыктыяры менен баш тартып арыз жазганы белгилүү болду. Анын ордуна тизме боюнча Арсланбек Эгембердиев эл өкүлү болуп келмекчи.
Мейкинбек Абдалиев 1976-жылы 11-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган.