“Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын” жетекчиси алмашты

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Талантбек Өмүралиев кызматтан алынып, анын ордуна Медер Темирбеков дайындалды. Бул тууралуу акционердик коом катталган “Кыргыз фондулук биржасы” кабарлады.

 

Өмүралиев бул кызматта төрт айдай иштеди. Ал иштен өз каалоосу менен арыз жазып кеткени маалымдалды.