Мектеп директорлорунун сынагынан 28 талапкер өттү

Мектеп директорлорунун сынагынан 28 талапкер өттү. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө жыйынтыкталды.

 

26-июлда өткөрүлгөн сынакта жалпысынан 28 мектепке талапкерлигин койгон жаңы директорлор босого упай жогору балл топтой алган:

 

— Бишкек шаарында – 3,
— Ош шаарында – 1,
— Баткен облусунда – 3,
— Жалал-Абад облусунда – 5,
— Чүй облусунда – 2,
— Нарын облусунда – 4,
— Талас облусунда – 1,
— Ош облусунда – 8,
— Ысык-Көл облусунда – 1.

 

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси https://edu.gov.kg/posts/3279/ сайтында жарыяланды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.