Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында колдогон. Министрликти буга чейин жетектеп келген Динара Кутманова 15-мартта кызматынан бошотулду.