Министрлер кабинети Кыргызстандын абийирдүү курулуш компанияларынын реестрин түзөт

Министрлер кабинети Кыргызстандын абийирдүү курулуш компанияларынын реестрин түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

 

Анын айтымында, кеп карыздар, сот процесстери жана кардарларды алдап кетүү фактылары менен беделин жана кадыр баркын түшүрбөгөн фирмалар тууралуу болуп жатат.

 

Чиновник белгилегендей, эгер реестрде кандайдыр бир компания жок болсо, анда ал автоматтык түрдө кара тизмеде болгон болот. Бийлик ошондой эле котлован казуу учурунда эле батирлерди сатууну токтотуу ниетинде.